Ак-Бата конушунда 650 орундуу мектеп курула баштады

Коом 402 10 Март 2026 12:00
649942314_1433593391573039_3283597358531700617_n.jpg
650489291_1433593398239705_3697052836374068281_n.jpg
650109023_1433593301573048_9092614871242238296_n.jpg
649950686_1433593328239712_6386171213572861736_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 10.03.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Долбоорго ылайык, мектептин жалпы аянты 5300,33 чарчы метрди түзөт. Ал эми жер тилкесинин аянты — 1,08 гектар. Жаңы билим берүү мекемеси заманбап шарттары менен 3 блоктон туруп, эки кабаттуу болуп курулат.

Белгилей кетсек, аймактын сейсмологиялык шартын эске алып, имараттын конструкциясын 9 баллдан жогору туруктуулукка ылайыктап күчөтүү каралган. Ошондой эле жер кыртышынын татаалдыгынан улам 8,8 метр тереңдикке чейин жер казылып, пайдубалы өзгөчө ыкма менен бекемделет.