Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. 2-июнда "Айылдарды комплекстүү өнүктүрүү" долбоорунун II фазасы расмий түрдө ишке кирди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага айыл чарба министринин орун басары Рустам Балтабаев катышып, анын алкагында Кореянын эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) жана Good Neighbors International уюму үч тараптуу меморандумга кол коюлду.
Жаңы беш жылдык планга ылайык, долбоор өлкөнүн түштүк аймактарында, атап айтканда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында ишке ашырылат. Мында айыл чарбасын, мал чарбачылыгын, кайра иштетүү тармагын жана логистиканы өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалат.
Долбоордун I фазасы инфраструктураны модернизациялоодо жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууда чоң ийгиликтерди көрсөткөн.
Ал эми экинчи этаптын алкагында төмөнкүдөй максаттар коюлду:
- айыл калкынын кирешесин туруктуу жогорулатуу;
- аймактардын агроөнөр жай потенциалын чыңдоо;
- айылдык үй чарбаларынын бакубаттуулугун жана экономикалык туруктуулугун арттыруу.