“Айылдарды комплекстүү өнүктүрүү” долбоорунун экинчи этабы башталат

Коом 2 июнь 2026 10:50
WhatsApp Image 2026-06-02 at 07.45.46.jpeg
711765489_122213940164341273_3488104597830254000_n.jpg
712085712_122213940476341273_4059848663767650060_n.jpg
712684123_122213940374341273_18744642554954022_n.jpg
711775925_122213940440341273_7790319881321434072_n.jpg
712314417_122213940338341273_1450583473629802986_n.jpg
712763796_122213940212341273_1024041107399607250_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. Күн мурун, 1-июнда “Айылдарды комплекстүү өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруу боюнча үч тараптуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, документке аталган министрлик, Кореянын эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) жана Good Neighbors International эл аралык уюму кол койду.

Экинчи фаза Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында ишке ашырылат.

Анда фермерлерди жана кооперативдерди колдоо, инфраструктураны өнүктүрүү, логистикалык борбор куруу, микрокредитке жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана агрардык секторго санариптик чечимдерди киргизүү каралган.

Долбоордун биринчи этабында 2021–2025-жылдары ишке ашырылып, айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, мал чарбачылыгын өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу жана үй-бүлөлөрдүн кирешесинин өсүшүндө олуттуу жыйынтыктарга жетишилген.