Кыргызстанда малды камсыздандыруу механизми киргизилиши мүмкүн

Коом Загрузка... 25 Март 2026 09:00
uj-zhana-muzoo.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 25.03.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков InsuResilience Solutions Fund (ISF) делегациясы менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, анда мал чарбасын климаттык тобокелдиктерден камсыздандыруу маселелери талкууланды.

Министр агрокамсыздандыруу фермерлер үчүн маанилүү колдоо экенин, анын ичинде мал өлгөн учурда чыгымдарды компенсациялоо мүмкүнчүлүгүн берерин белгиледи.

2025-жылдан тарта ISF Нарын облусунун Ак-Талаа жана Ат-Башы райондорунда климаттык тобокелдиктерди индекстик камсыздандырууну субсидиялоону БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте ишке ашырууда.

Тараптар агрокамсыздандыруу механизмдерин мындан ары жайылтууну улантуу жана Нарын облусундагы пилоттук долбоорлор менен таанышуу боюнча макулдашты.

IMG_2386