Айыл чарбасы: Быйыл лизингге 2 миңден ашуун техника берилди

Экономика Загрузка... 15 Декабрь 2025 15:40
WhatsApp Image 2025-12-15 at 14.44.39.jpeg
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 15.12.25 /Кабар/. Айылдык товар өндүрүүчүлөргө, кайра иштетүү өнөр жайына техникалар менен жабдуулар лизингге берилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, алар банктар тарабынан жеңилдетилген шарттарда 6% пайыз менен 7 жылдык мөөнөткө берилүүдө.

Ошондой эле мамлекеттин колдоосу менен 21,8 млрд сомго 9016 даана техника лизинг менен дыйкандарга берилип, анын ичинен быйылкы жылы 7,2 млрд сомго 2029 техника берилген.

  • Трактор – 854;
  • Комбайн – 56;
  • Айыл чарба машинасы – 407;
  • Кайра иштетүү техника – 13;
  • Атайын техника – 709.

Белгилей кетсек, дыйкандарга 2011-жылдан тарта “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору аркылуу 7 лизинг долбоору түзүлүп, айыл чарба техникалары жана жабдуулар лизингге берилип келет.