Бишкек, 17.06.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине жалпы баасы 27 млн 223 миң сомдук кубаттуу сервердик жабдуулар берилди.
Ведомстводон маалымдашкандай, жабдууларды сатып алуу Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган.
Берилген жабдуулар министрликке караштуу "АгроСмарт" мекемесинин базасында түзүлүп жаткан Агротехнопарктын жана Маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун негизги техникалык пайдубалы болмокчу. Бул — айыл чарба тармагы үчүн эбегейсиз чоң компьютердик маалымат борбору. Ал кагаз иштеринен толук санарипке өтүүгө жол ачат.
"Жаңы технологиялар аркылуу айыл чарба жерлерине жана суу ресурстарына спутник жана заманбап технологиялар аркылуу түз байкоо жүргүзүлөт. Ошондой эле түшүмдүүлүк, аба ырайы жана топурактын абалы тууралуу бардык маалыматтар бир жерге чогултулуп, тез арада талданат. Фермерлер жана мамлекет алдын ала так эсептелген маалыматтардын негизинде туура чечимдерди кабыл ала алышат. Бул убакытты жана каражатты үнөмдөйт", — деп айтылат маалыматта.