Бишкек, 20.10.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун "Биз жаңы Кыргызстанды куруу жолунда баратабыз!" идеологиясынын алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кыргызстандык дыйкан-фермердин жаңы образын жаратты.
Ведомстводон билдиришкендей, муну менен министрлик, учурдагы заманбап дыйкан-фермер жөн гана элетте жер иштетүү менен чектелбеген, өз ишмердүүлүгүн комплекстүү караган, жаңыча ой жүгүртүп, жаңы ыкмаларды колдонгон агробизнесменге айлангандыгын көрсөткүсү келет.
Заманбап кыргыз агробизнесмени — бул айыл чарба тармагында заманбап ыкмаларды, технологияларды жана ишкердик тажрыйбаларды колдонуп, пайдалануу жана туруктуу өнүгүү максатында айыл чарба өндүрүшүн уюштурган жана өнүктүргөн ишкер.
Кыскача айтканда, бул — айыл чарбасын бизнес катары карап, пайдалуу, инновациялуу, экологиялык жактан туруктуу, ички жана сырткы рынокко багытталган продукцияны өндүрүп, иштеткен адам.
Заманбап агробизнесмендин өзгөчөлүктөрү:
- Технологияларды колдонот – автоматташтырылган сугат системалары, дрондор, заманбап техника, агроаналитика жана башкалар.
- Билимге негизделген чечим кабыл алат – агрономия, финансы, маркетинг, логистика боюнча түшүнүгү бар.
- Рынокко багытталган өндүрүш – кардарлардын талабына жараша өндүрүш жүргүзөт.
- Экспортту ойлойт – ички рынок менен чектелбестен, сырткы рынокторго да чыгууга умтулат.
- Коопсуз жана сапаттуу азык өндүрөт – элдин саламаттыгын эске алуу менен экологиялык таза азыктарды өндүрүүгө аракет кылат.
- Түзүмдүү команда менен иштейт – жалгыз эмес, адистерден турган команда түзүп, башкаруу системасын жолго коёт.
"Заманбап кыргыз агробизнесмени жаңы сорттогу мөмө-жемиштерди өстүрүп, аларды кургатып же кайра иштетип, экспортко саткан ишкер. Ал жаңы күнөсканаларды курган жана жыл бою жашылча өндүргөн дыйкан. Ан менен бирге жасалма интеллектке негизделген мал багуу же суугаруу системасын колдонгон фермер. "Биз жаңы Кыргызстанды куруу жолунда баратабыз!",-деп айтылат маалыматта.