Айыл чарба министрлиги дыйкандарды күздүк буудай эгүүгө чакырды

Коом Загрузка... 28 Октябрь 2025 10:43
d70f19c-winter-graine-1-.jpg
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 28.10.25. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги дыйкандарды күздүк буудай эгүүгө чакырды.

Ведомстводон белгилешкендей, күздүк буудай — эмгекти сарамжалдуу, түшүмдү мол жана кирешени туруктуу кылуунун ишенимдүү жолу.

Эмне үчүн күздүк буудайды тандоо пайдалуу

  • Жогорку түшүмдүүлүк — жогорку киреше

Күздүк буудай жаздыкка салыштырмалуу 20% га чейин көбүрөөк түшүм берет. Жогорку түшүм — жогорку киреше. Сапаттуу данга суроо-талап дайыма жогору бойдон калат.

  • Эрте бышат

Күзүндө себилген буудайдын вегетациясы жаздык буудайга салыштырмалуу эрте башталып, эрте бышат. Бул экинчи түшүм алуу же талааны эрте бошотуу мүмкүнчүлүгүн жаратат.

  • Кургакчылыкка туруктуу

Күзүндө топуракта жазга салыштырмалуу көбүрөөк ным болот. Бул фактор үрөндүн жакшы өсүп чыгышына жана тамырынын тереңден кармалышына өбөлгө түзөт.

  • Азыкты топтоо

Күздүк эгиндер күзгү жаан-чачынды жана жылуулукту пайдаланып, азыктандыруучу заттарды топтоого жетишет, бул алардын өсүшүнө жана өнүгүшүнө жакшы таасирин тийгизет. Мындан тышкары күзүндө отоо чөптөр азыраак болуп, бул аларга каршы күрөштү жеңилдетет.

  • Жаздагы жумушту азайтуу менен убакытты туура пайдалануу

Күздүк себүү жаз айларындагы башка маанилүү иштерди өз убагында аткарууга шарт түзүп, айыл чарба жумуштарынын жүгүн азайтат.