Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Улуттук банк "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун лицензияларын алмаштырды.
Финансылык жөнгө салуучу органдан маалымдашкандай, лицензияларды алмаштырууга банктын фирмалык аталышынын өзгөргөндүгү себеп болгон.
Ошентип, 2026-жылдын 12-мартынан тарта банктын жаңы аталышы төмөнкүдөй бекитилди:
- мамлекеттик тилде: "АБанк" ачык акционердик коому ("АБанк" ААК);
- расмий тилде: Открытое акционерное общество "АБанк" (ОАО "АБанк");
- англис тилинде: The open joint-stock company ABank (OJSC ABank).
Буга чейинки берилген лицензиялар банктын аталышы жаңылангандыгына байланыштуу кайра жол-жоболоштурулду.