Бишкек, 20.06.26. /Кабар/. Чыңгыз Айтматовду бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн ойчулу, жазуучусу жана сыймыгы деп билебиз. Бул тууралуу Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Күршад Зорлу "Кабар" агенттигине билдирди.
Анын пикиринде, түрк дүйнөсүнүн жазуучусу Чыңгыз Айтматов негиздеп кеткен Ысык-Көл форуму ойчулубуздун калтырган мурасы, адамзатты ойлоп, адамзаттын тагдырына кайдыгер карабаганын белгилейт.
“Чыңгыз Айтматовду бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн ойчулу, жазуучусу жана сыймыгы деп билебиз. Анын чыгармалары 200гө жакын тилге которулуп, дүйнө боюнча окурмандарын топтой алды. Мындай деңгээлге жеткен жазуучулардын саны саналуу десем жаңылышпайм. Айрыкча Чыңгыз Айтматов негиздеп кеткен Ысык-Көл форумунун уланып жатышы урпактарыбызга чоң колдоо. Алардын келечегине салым кошуу деп билем. Улуу жазуучубуздун бизге калтырган мурасы адамзатты ойлоп, адамзаттын тагдырына кайдыгер карабаганы. Мындан улам ушул ойду азыр да уланып жатканы эң туура”, - деди Күршад Зорлу.
Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл эл аралык форуму өтүүдө. Иш-чара 21-июнга чейин созулат.