Айтматов проспектисинде 4 жаңы жер алдындагы өтмөк курулду

Коом 759 12 Январь 2026 15:10
1610526f-13ee-456a-a4b3-ad2aa2be3fe8.jpg
ac3a461f-02c1-4d08-8d11-71985ad29877.jpg
9b1b8940-02f0-4ac0-96d4-07970653e9f8.jpg
Алдыга
Артка
1610526f-13ee-456a-a4b3-ad2aa2be3fe8.jpg
ac3a461f-02c1-4d08-8d11-71985ad29877.jpg
9b1b8940-02f0-4ac0-96d4-07970653e9f8.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 12.01.26. /Кабар/. Бүгүн Чыңгыз Айтматов проспектисинин Семетей көчөсүнөн А.Масалиев проспектисине чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды.

Мэриядан билдиришкендей, аталган тилкеде 4 жөө өтүүчү жер алдынан өтмөк курулган. Ар бир өтмөктүн узундугу 33,5 метрди, туурасы 4 метрди түзөт.

Учурда өтмөктөрдүн ичин жасалгалоо жана тепкичтерди куруу иштери уланууда.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы боюнча курулуш иштери шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратпоо жана транспорттук тыгынды азайтуу максатында майрамдык эс алуу күндөрүндө жүргүзүлдү.