Айсулуунун өлүмү. Тажрыйбалуу тергөөчүлөрдөн турган тергөө тобу түзүлдү

Коом Загрузка... 02 Октябрь 2025 12:30
ff88849a-032c-46da-b24c-aedd4d3f5b8d.jpg
copyright icon Кабар

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 02.10.25. /Кабар/. Ысык-Көлдө 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын зордукталып, андан кийин мыкаачылык менен өлтүрүлүшүн ар тараптуу иликтөө үчүн ыкчам тергөө тобу түзүлдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинин түз эфиринде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов билдирди.

Анын айтымында, тергөө тобунун курамына тажрыйбалуу тергөөчүлөр кирди.

“Учурда шектүү соттун чечими менен 2 айга камакка алынды. Ага карата “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголду. Эки айдын ичинде экспертизалардын жыйынтыгы менен башка дагы беренелер кошулушу мүмкүн жана бардык жагдайлар иликтенет. Алардын ортосунда мурда катыштык болгонбу, шектүү ал жакка кандайча барып калганы бардыгы такталат”, - деди ал.

Ошондой эле укук коргоо өкүлү үрөй учурган окуя боюнча бардык жагдайлар ачыкталып, шектүү өмүр бою эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Жети-Өгүз районунда 27-сентябрдан бери дайынсыз болуп жаткан 17 жаштагы Айсулуу Мукашева зордукталып, андан кийин мыкаачылык менен муунтулуп өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары 41 жаштагы жаран кармалган.

Өспүрүм кыздын ишинин тергелишин президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алып, жаш балдарды зордуктагандарды өлүм жазасына тартуу, кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүүнү сунуштаган.