Ысык-Көлдө дайынсыз жоголгон өспүрүм кыздын өлүмүнө шектүү кармалды

Укук тартиби Загрузка... 30 Сентябрь 2025 11:20
copyright icon ИИМдин басма сөз кызматы

Бишкек, 30.09.25. /Кабар/. Ысык-Көлдө дайынсыз жоголгон кыздын өлүмүнө шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 27-сентябрында Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнө Барскоон айылынын тургуну Т.А. жана Тоң районунун тургуну К.Н. кайрылып, алардын тууганы 2008-жылы туулган М.А. аттуу өспүрүм кыз Каракол шаарындагы курбусуна кеткен бойдон үйүнө кайтып келбегенин билдиришкен.

Арыз каттоого алынып, текшерүү жана издөө иш-чаралары башталган.

Шектүү Бишкек шаарында кармалган. Ал 1984-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну А.К. экендиги такталган.

Алдын ала сурак учурунда шектүү А.К. 27-сентябрда жашы жете элек М.Аны күч колдонуу менен зордуктап, мыкаачылык менен өлтүрүп, анын сөөгүн Чүй облусунун Кемин районуна таштап кеткенин моюнуна алган.

Шектүү 2025-жылдын 30-сентябрында Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда бул иш боюнча ар тараптуу жана терең тергөө иштери жүрүүдө. Тиешелүү соттук-медициналык жана башка экспертизалар дайындалган.