Айрым аймактарга кар жаайт – бүгүнкү күнгө карата аба ырайы

Коом Загрузка... 23 Декабрь 2025 08:50
WhatsApp Image 2025-12-10 at 14.57.27.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 23.12.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 23-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн айрым аймактарында кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.

Абанын температурасы Чүй облусунда -3... +2, Талас облусунда -1… +4, Баткен, Ош, Жалад-Абад облустарында 0... +5, Ысык-Көл облусунда -1... +4, Нарын облусунда -1... -6 градус болот.
Бишкек шаарында абанын табы 0... +2 градусту түзөт.

"Жолдор тайгак болот. Мындай аба ырайында узак жолго чыксаңыз жылуу кийинип, жаныңызга тамак-аш ала жүрүңүз. Унаа башкарууда аралыкты сактап айдаңыз", – деп айтылат маалыматта.