Айрым аймактарда жаан жаайт – 19-ноябрга карата аба ырайы

Коом 18 ноябрь 2025 18:08
Айрым аймактарда жаан жаайт – 19-ноябрга карата аба ырайы

Бишкек, 18.11.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 19-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, эртең Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облусунда жаан жаашы ыктымал.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +14... +19, Талас жергесинде +13... +18,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +15... +20, Ысык-Көлдө +6... +11, Нарында +4... +9 градус болот. Ал эми Бишкек шаарында +17... +19 градус жылуу болот.