Айрым аймактарда кар жаайт: 4-декабрда күтүлгөн аба ырайы

Коом Загрузка... 03 Декабрь 2025 18:48
news_144259789513775812201667707339884602379.730x0.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 03.12.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 4-декабрда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Ага ылайык, эртең Талас, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан, Чүй жана Баткен облусунун тоолуу аймактарында кар жаашы ыктымал.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда +11... +16, Талас облусунда +8… +13, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +8... +13, Ысык-Көл облусунда +4... +9, Нарын облусунда +1... +6 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +12... +14 градусту түзүп, ала-булут каптап турат.