Аймактарда жолдор күнү-түнү тазаланып, кум-туз себилүүдө

Коом 23 декабрь 2025 09:09
601906831_1177602041215207_3702932491426302051_n.jpg
603822296_1177602341215177_735686397480389963_n.jpg
602333146_1177601891215222_7923757683023670919_n.jpg
602384946_1177601764548568_5547632024323458944_n.jpg
603796927_1177602121215199_2937814161686076691_n.jpg
Алдыга
Артка
601906831_1177602041215207_3702932491426302051_n.jpg
603822296_1177602341215177_735686397480389963_n.jpg
602333146_1177601891215222_7923757683023670919_n.jpg
602384946_1177601764548568_5547632024323458944_n.jpg
603796927_1177602121215199_2937814161686076691_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 23.12.25. /Кабар/. "Кыргызавтожол-Түштүк" жана "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканалары тарабынан өлкө аймагындагы жолдорго күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлгө алып, жолдорду кардан тазалоодо.

Алсак:

  • Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун 243-296-чакырымы Арал-Казарман тилкесинде жолду кардан тазалоо жана тайгакка каршы инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлдү.
  • Бишкек - Нарын - Торугарт автожолунун 506-508-чакырымы Түз-Бел ашуусуна тайгакка каршы интернеттик материалдарды чачуу жана 472-537-чакырым аралыгында жол жээгин автогрейдердин жардамы менен кар күрткүдөн тазалоо иштери аткарылды.
  • Кочкор-Арал-Төө-Ашуу жолун кардан тазалоо иштери жүрүүдө.
  • Суусамыр -Талас -Тараз автожолун кардан тазалоо кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүрүп жатат. Жол ачык каттам бар.
  • Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолдорундагы тилкелерге инерттик материалдарды чачуу жумуштары аткарылып жатат.
  • Сары-Булак-Соң-Көл жолунун 0-3,9-чакырым аралыгына кум- шагыл аралашмасын себүү иштери жүрүүдө. Жолдор ачык, каттамдар бар.

Транспорт министрлиги кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.