Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Өлкө аймактарында заманбап туристтик инфратүзүм түзүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров ”Ала-Арча” жаратылыш паркындагы асма жолду расмий түрдө пайдаланууга берүү иш-чарасында билдирди.
Мамлекет башчысы өлкөнүн туристтик потенциалын толук пайдалануу жана Кыргызстанды тоо туризми жаатында дүйнөгө таанытуу башкы максаттардын бири экенин айтты.
“Бул багытта Ала-Арчада, Ысык-Көлдө, деги эле Кыргызстандын бардык аймактарында заманбап туристтик инфратүзүм түзүү боюнча иштер мындан ары да улантылат. Себеби, өлкөбүздүн жети дубанында тең дүйнө эли суктанып көрө турган таза табиятыбыз, керемет жерлерибиз, агын сууларыбыз арбын”, - деп белгиледи өлкө башчысы.