"Түндүк" тиркемесин колдонуу: Аймактарда калкка түшүндүрүү иштери жүрөт

Коом
"Түндүк" тиркемесин колдонуу: Аймактарда калкка түшүндүрүү иштери жүрөт
copyright icon www

Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу жеткиликтүү болгон Калкты тейлөө борборунун кызматтарын тааныштыруу максатында жолугушуулар өтөт. Бул тууралуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуулар 26-октябрь — Талас мамлекеттик университети, 28-октябрь — Нарын мамлекеттик университети, 30-октябрь — Ысык-Көл мамлекеттик университетинде уюштурулат.

Иш-чаранын жүрүшүндө “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу мамлекеттик кызматтарды алууну үйрөнүүгө, онлайн кызматтарды колдонуу боюнча адистерден кеңеш алууга, кызматтарды өз алдынча колдонуу боюнча практикалык жардам алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.