Жаңыртылган пенсиялар “Түндүктө” кечигүү менен көрсөтүлүшү мүмкүн

Коом 9 октябрь 2026 15:40
Жаңыртылган пенсиялар “Түндүктө” кечигүү менен көрсөтүлүшү мүмкүн

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Жаңыртылган пенсиянын өлчөмү “Түндүк” тиркемесинде дароо көрүнбөй жатса, кабатырланууга негиз жок. Бул тууралуу Социалдык фонддун коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңиш Мукамбетов “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, маалыматтардын жаңыланышы жаңы автоматташтырылган маалыматтык системанын ишке киргизилип жатканына байланыштуу бир аз кечигүүдө.

“Пенсиялардын жаңы өлчөмү толугу менен кайра эсептелип, төлөмдөргө даярдалган. Ал эми “Түндүк” тиркемесиндеги маалыматтар системанын жаңыланышына байланыштуу кечирээк көрсөтүлүшү мүмкүн.

Эгер башка дагы суроолор болсо Социалдык фонддун аймактык башкармалыктарына кайрыла алышат”, - деди ал.