Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Мал ээлери эми өз атына катталган мал тууралуу маалыматтарды “Түндүк” тиркемеси аркылуу ала алышат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди
Маалыматка ылайык, жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасы “Түндүк” тиркемеси менен интеграцияланды.
Эгер мал тиркемедеги тизмеде жок болуп же маалыматтарда так эмес болсо, мал катталган жердеги ветеринардык адиске кайрылуу керек.
Интеграция жарандарга мал тууралуу маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн жеңилдетүүгө жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.