Бишкек, 04.02.26. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Ош жана Баткен облустарына жумушчу сапары менен барды.
Ведомствонун маалыматына караганда, ал министрликтин райондук башкармалыктарынын ишмердүүлүгү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана жеткиликтүүлүгү, ошондой эле жер-жерлердеги кызматкерлердин иши менен таанышты.
Атап айтканда, ал Кара-Суу, Ноокат, Кадамжай жана Лейлек райондорунда болуп, аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери жана адистери менен жолугушууларды өткөрдү.
Сапардын жыйынтыгында министр кызматкерлердин алдына Эмгек министрлигинин багыты боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга багытталган бир катар тапшырмаларды коюп, негизги талап катары төмөнкүлөрдү белгиледи:
- балалуу үй-бүлөлөрдү жана майыптуулугу бар жарандарды камтыган аярлуу катмарлар менен жекече иштөөнүн деңгээлин жогорулатуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка мамлекеттик түзүмдөр менен ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү активдештирүү;
- жарандардын кайрылууларын кароо мөөнөттөрүн так сактоо жана тейлөө маданиятын жогорулатуу;
- балдардын укуктарын коргоо жана калкты социалдык колдоо маселелери боюнча алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү.