Аймактарда анестезиолог-реаниматолог адистери жетишсиз болууда

Коом Загрузка... 10 Март 2026 10:26
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 10.03.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинде 2025-жылдагы анестезиология жана реанимация кызматынын ишмердүүлүгү талданып,аны мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар каралды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, өлкөнүн медициналык уюмдарында 538 анестезиолог-реаниматолог дарыгер жана 1161 медайым эмгектенет. Ошондой эле анестезиология, реанимация жана интенсивдүү терапия бөлүмдөрүндө 733 керебет бар. Былтыр өлкө боюнча хирургиялык операция жана медициналык процедуралар учурунда 105 миңден ашык анестезия жасалып, реанимация жана интенсивдүү терапия бөлүмдөрүндө 95 миң 733 бейтап дарыланган.

Талкуу учурунда анестезиология жана реанимация кызматынын бир катар көйгөйлүү маселелери да айтылды. Тактап айтканда, айрыкча региондордо адистердин жетишсиздиги, иштеп жаткан дарыгерлерге жүктөмдүн жогору болушу, ошондой эле кадрларды даярдоону күчөтүү жана үзгүлтүксүз медициналык билим берүү системасын өнүктүрүү зарылдыгы белгиленди.

Адистердин айтымында, айрым медициналык уюмдарда заманбап жабдыктар бар, бирок жабдуулардын бир бөлүгү техникалык тейлөөнү, оңдоону талап кылат же сарпталуучу материалдардын жетишсиздигинен жана персоналдын жетиштүү даярдыгынын жоктугунан толук колдонулбай жатат.

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов анестезиология-реанимация кызматын өнүктүрүү саламаттык сактоо системасынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. Анткени дал ушул кызмат эң оор бейтаптарды дарылоону камсыздап, хирургиялык жардамдын үзгүлтүксүз иштешин колдойт.

Кеңешменин жыйынтыгында министр Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө бир катар тапшырмаларды берди:

  • региондор боюнча анестезиология-реанимация кызматынын кадрдык камсыздалышына комплекстүү талдоо жүргүзүү жана адистерди даярдоо жана кайра даярдоону күчөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
  • медициналык уюмдарда жогорку технологиялуу медициналык техниканын натыйжалуу пайдаланылышына көзөмөлдү камсыз кылуу;
  • реанимация жана интенсивдүү терапия бөлүмдөрүнүн ишине мониторингди күчөтүү.