Бишкек, 04.02.26. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын 16 жараны иштөө үчүн Кореяга учуп кетти. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар үчүн 5 күндүк окутуу өткөрүлдү. Окутуунун негизги максаты – корей тилинде практикалык көндүмдөрдү өркүндөтүү жана иштөө чөйрөсүнө ылайыкташуу.
Белгилей кетсек, жарандар EPS программасы аркылуу кетишти. Эмгек министрлиги аталган программа менен түзүлгөн меморандумдун алкагында 5000ден ашуун Кыргызстандын жараны расмий ишке орношкон. Бүгүнкү күндө Кореяда 1500 ашуун кыргызстандык эмгектенип жатат.
Алардын көбү өндүрүш тармагында эмгектенишет, анын ичинде:
- тамак-аш өнөр жайы;
- химиялык өнөр жай;
- кагаз өндүрүү;
- пластик, резина жана айнек чыгаруучу заводдор.
Орточо эмгек акы – 1700 долларды түзөт. Мында жашоо жана тамактануу чыгымдары (толук же жарым-жартылай) жумуш берүүчү тарабынан төлөнөт.
EPS программасына катышуу үчүн корей тилин жетиштүү деңгээлде билүү талап кылынат.