Бишкек, 25.11.25 /Кабар/. Учурда айдоочулук күбөлүктү алмаштыргандардын 60 пайызы бул кызматты аралыктан пайдаланып жатышса, калган 40 пайызы “Унаа” мекемесине келип, кезек күтүп алышууда. Бул тууралуу мекеменин Айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнүн башчысы Адилет Сейталиев билдирди.
Анын айтымында, “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу өтө ыңгайлуу жана жөнөкөйлөтүлгөн.
“Мурда жарандар келип, кезекке туруп, кээде нааразычылык жаралып, уруш чыккан учурлар да болчу. Азыр болсо баары онлайн аркылуу жүргүзүлүп жатат. Жарандар тиркеме аркылуу өтүнмө жөнөтүп, жаңы күбөлүк даяр болгондо гана келип алып кетишет”, – деди Сейталиев.