Айдоочуларга кеңеш: Айып пулду 70 пайыз арзандатуу менен төлөңүз

Коом Загрузка... 19 Ноябрь 2025 10:15
yuNaNXJ1yJ7dqTGajOCi.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 19.11.25 /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдары бар жарандарды белгиленген мөөнөттөн кечиктирбестен төлөөгө чакырат.

Учурда айып пул салынган күндөн тартып бир айдын ичинде төлөгөн айдоочуларга 70 пайыздык арзандатуу каралган. Башкармалык бул мүмкүнчүлүктү колдонуу айдоочулар үчүн каражатты үнөмдөөгө көмөк болорун белгилейт.

Ошондой эле айдоочулар өздөрүнүн айып пулдарын "Төлөм" мобилдик тиркемеси аркылуу да текшерип, онлайн түрдө төлөй алышат.

Башкармалык унаанын же жарандын атына катталган төлөнбөгөн айып пулдардын суммасы 3 000 сомдон ашкан учурда, унаа айып короо жайына токтотуларын эскертет.