Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы аба ырайына байланыштуу айдоочуларды ашууларда этият болууга чакырат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 28-апрелден 30-апрелге чейин аба ырайы кескин өзгөрүп, жаан-чачын жана тоолуу райондордо кар жаашы жана кар күрткүсү күтүлөт.
Буга байланыштуу төмөнкү ашууларда жол кырдаалы татаалдашы мүмкүн:
- Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда;
- Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун Көк-Арт ашуусунда;
- Каракол – Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда.
Мындай шарттарда жолдор тайгак болуп, муз тоңуу коркунучу жаралышы мүмкүн.
ЖКККББ айдоочуларды тоолуу аймактар аркылуу сапарга чыгууда өзгөчө этият болууга чакырат. Унаалардын ортосундагы аралыкты 500 метрден кем эмес сактоо зарыл.