Ашууларда жол ачык, каттам бар

Коом 5 декабрь 2025 09:00
Ашууларда жол ачык, каттам бар
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 05.12.25. /Кабар/. Бүгүн, 5-декабрга карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатышат.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.