Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. Өлкө боюнча унаа жолдорунда түнкүсүн жана таңга маал рейддер өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул иш-чаралар жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу максатында уюштурулууда. Мекеме башчысы Азенбек Козукеев түнкү жана таң алдындагы убакта рейддик иш-чараларды күчөтүү боюнча тапшырма берди.
Буга байланыштуу саат 04:30дан тартып республика боюнча төмөнкү иш-чаралар жүргүзүлүүдө:
- унаа токтотулуп, ар бир айдоочунун абалы текшерилет;
- айдоочулардын чарчоо жана уйку басуу белгилерин аныктоого өзгөчө көңүл бурулат;
- чарчоо белгилери байкалган айдоочуларга унааны андан ары башкарууга болбой тургандыгы түшүндүрүлөт;
- зарыл болгон учурда айдоочуларга коопсуз жерге токтоп, эс алуу сунушталат;
- айдоочуларга жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптар жеткирилет.
Жол кыймылынын эрежелерине ылайык, айдоочуга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- мас абалында (алкоголдук, баңгизаттык же башка) транспорт каражатын башкарууга;
- реакцияны жана көңүл бурууну начарлатуучу дары-дармектердин таасири астында транспорт каражатын башкарууга;
- оорулуу же чарчаган абалда, жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч жараткан шартта транспорт каражатын башкарууга.
Ошондой эле калктуу конуштарда баратканда унаанын ылдамдыгы саатына 60 чакырымдан ашпоого тийиш. Ал эми калктуу конуштардан тышкары жерлерде жеңил унаалар жана 3,5 тоннага чейинки жүк ташуучу унаалар саатына 90 чакырымдан ашпашы керек.