Айдоочулардын эсине: Исанов көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Коом 29 июнь 2026 18:50
Айдоочулардын эсине: Исанов көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Исанов көчөсүндө канализация тармагын куруу иштери жүргүзүлөт.

Муниципалиттен билдиришкендей, буга байланыштуу 30-июндан тарта аталган көчөнүн Ташкент көчөсүнөн Күрөңкеев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн 10 күнгө толугу менен жабылат.

"Аталган тилкедеги иштер аяктагандан кийин курулуш этап-этабы менен улантылат. Алдыда Исанов көчөсүнүн кийинки тилкелери да жумуштун жүрүшүнө жараша кезеги менен, ар бири 10 күндөн убактылуу жабылып турат", - деп айтылат маалыматта.