Айдоочулардын эсине: Иманалиев көчөсүндө кыймыл чектелет

Коом Загрузка... 15 Июнь 2026 16:20
qpd.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Эртең, 16-июндан тарта Иманалиев көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө унаалардын кыймылы убактылуу чектелет.

Муниципалитеттен билдиришкендей, чектөөлөр жол-транспорттук инфратүзүмдү жакшыртуу жана оңдоо иштерине байланыштуу киргизилүүдө.

Жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштери борбор калаанын жол тармагын жакшыртууга жана транспорттук тейлөөнүн сапатын жогорулатууга багытталган.

Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү каттамдарын алдын ала пландап, убактылуу өзгөртүлгөн жол кыймылынын схемасын эске алууга чакырат.