Айдоочулардын эсине: Элебесов көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Коом Загрузка... 12 Июнь 2026 15:00
721466931_1483855260456990_6499490291937926240_n.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы "Дордой" базарынын аймагында жол инфраструктурасын реконструкциялоо долбоорунун экинчи этабы башталат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга байланыштуу 16-июндан тартып Элебесов көчөсүнүн Кожевенная көчөсүнөн Түндүк айланма жолуна чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат.

Оңдоо иштери жол инфраструктурасынын абалын жакшыртуу, унаа тыгындарын азайтуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган.