Бишкек, 26.03.26. /Кабар/. Бишкекте бүгүн, 26-марттан тарта Дэн Сяопин проспектиси менен Патрис Лумумба көчөсүнүн кесилишинин түштүк тарабы убактылуу жабылды.
Мэриядан билдиришкендей, мында атайын техника колдонулуп, эски асфальт катмары алынып, андан соң жаңы асфальттын биринчи катмары төшөлөт.
Мындан тышкары, кудуктар жана жамгыр суу кабыл алуучу торлор оңдолуп, жолдун деңгээлине ылайык тегизделет.
"Бул иштер жолдун сапатын жакшыртууга, транспорттун жүрүшүн ыңгайлуу кылууга жана жол кырсыктарынын алдын алууга багытталган", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, оңдоо иштери 31-мартка чейин пландалган.