Бишкек, 16.04.26. /Кабар/. Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүрөт.
"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, таш түшүрүү иштери 20-апрелден 24-апрелге чейин Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 129-чакырымындагы Боом капчыгайында жүргүзүлмөкчү.
Иш-чара күндүзгү саат 10:00дөн 16:00гө чейин созулуп, жол кыймылы жарым-жартылай чектелет. Тазалоо учурунда унаалар бир тилке менен өткөрүлөт. Эгерде жолдо 30–40тан ашык унаа топтолуп калса, таш түшүрүү токтотулуп, унааларга жол ачылат.
"Жарандардан сапарларын алдын ала пландап алууну суранабыз. Бул иштер темир жол жана унаа каттамдарынын коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө", – деп айтылат маалыматта.