Бишкек, 19.02.26. /Кабар/. "Айчүрөк" соода борборунун (ЦУМ) аймагындагы курулуш иштери бекитилген долбоорго туура келбейт деп табылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен курулуп жаткан металл конструкциясы демонтаждалууга тийиш.
Текшерүүнүн жүрүшүндө куруучу тарабынан ишке ашырылып жаткан объект макулдашылган эскиздик долбоорго ылайык келбестиги жана шаар куруу кеңешинин жыйындарында каралбагандыгы аныкталды. Иштер бекитилген параметрлерден четтөөлөр менен жүргүзүлүүдө, бул шаар куруу талаптарын бузуу болуп саналат.
Мурда ушул аймакта жайгашкан фонтан зонасына өзгөчө көңүл бурулган. Соода борборунун өкүлдөрү буга чейин мейкиндиктин архитектуралык концепциясын сактап калуу жана иштер аяктагандан кийин фонтандарды калыбына келтирүү тууралуу коомчулукка ачык жарыялашкан.
Бирок фонтан жайгашкан жерге курулуш жүргүзүлүшү бул милдеттердин аткарылышына күмөн жаратат. Фонтан композициясын калыбына келтирүү аймакты тийиштүү абалга келтирүүнүн милдеттүү шарты катары белгиленди.
Шаар мэри тарабынан куруучуга конструкцияны өз алдынча демонтаждоо үчүн үч күндүк мөөнөт берилди. Эгер тапшырма аткарылбаса, демонтаж муниципалдык кызматтардын катышуусунда уюштурулуп, бардык чыгымдар — ажыратуу, чыгаруу, жок кылуу жана калыбына келтирүү иштери — курулушту жүргүзгөн компаниядан өндүрүлөт.
Кабыл алынган чечимдер шаар куруу нормаларынын так сакталышын камсыз кылууга, коомдук кызыкчылыктарды коргоого жана шаардын көрктөндүрүлгөн мейкиндигин калыбына келтирүүгө багытталган.
"Old Bishkek" долбоору өз алдынча демилге экенин, ал өзүнчө ишке ашырылып жатканын жана аталган объект менен байланышы жоктугун баса белгилейбиз. Фонтан комплекси аймактык жактан ЦУМдун аймагына кирет, ал эми бардык курулуш иштери түздөн-түз соода борборунун аянтында жайгашкан жана ал тараптан жүргүзүлгөн.
Фонтан "Old Bishkek" долбоорунун курамына кирбейт жана ага уюштуруучулук же функционалдык жактан эч кандай тиешеси жок”,-деп айтылат маалыматта.