"Ай-Пери" имараты тарыхый көрүнүшүн сактоо менен заманбап кеңсе борборго айланды – мэр

Коом Загрузка... 15 Январь 2026 15:58
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 15.01.26. /Кабар/. Бишкектеги бир убакта кароосуз калган "Ай-Пери" имараты тарыхый көрүнүшүн сактоо менен заманбап кеңсе борборго айланды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев журналисттерге берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, "Ай-Пери" мурда турмуш-тиричилик комбинаты болуп, көптөгөн ишканалар иштеп келген. Бирок, убакыттын өтүшү менен көп ишканалар жабылып, имарат кароосуз калган.

“Кароосуз калгандан кийин оңдоо иштерин жүргүзүп, акча сарптайбыз дегендер болгон эмес. Тегерек четинин баарына майда соода түйүндөр, ашканалар жайгашып калган. Ошондон улам бул имарат өзүнүн тарыхый көрүнүшүн жогото баштаган. 2024-жылдан баштап Бишкек шаарында инвестиция тартуу боюнча активдүү иш-аракеттер башталган. Анын алкагында Вьетнам компаниясы инвестор катары келип, Бишкектен мурунку “Ак-Кула” ат майданын 5,8 мрлд сомго сатып алган. Кийин ишкердигин дагы улайбыз деген аракет менен “Ай-Пери” имаратын да алышкан.

Сатып алуудан кийин эки тараптын көз караштары дал келип, имараттын мурунку тарыхый көрүнүшүн сактоо менен көптөгөн жаңылануу болду. Имараттын баштапкы тарыхый көрүнүшү, илгертен бери болгон ичиндеги мозаика азыр да сакталып калды. Бул эми шаар үчүн көрк бере турган, жаңы заманбап технологиялар менен жабдылган имарат”,- деди мэр.

Белгилей кетсек, вьетнамдык бул компаниянын “Ак-Кула” ат майданын ордуна заманбап, көп функционалдуу турак жай комплексин кура тургандыгы маалым.

“Бул шаар үчүн эң маанилүү инвестициялык долбоорлордун бири. Себеби, азыр шаарда көп функционалдуу турак жай комплекси курулуп жатат. Ал комплекстин алкагында 30 пайызга чейинки аймагын жашыл зонага бергенбиз. Жалпы суммасы өздөрүнүн эсеби боюнча 30 млн доллардан ашат деп эсептелген. Бул курулуштар шаар үчүн чоң инвестиция. Шаардын инфратүзүмүн жаңыртуу максатында да көптөгөн иштер аткарылууда. Негизи 2028-2030-жылдарга чейин аталган турак жай комплексинин курулуш иштери уланат. Ал эми бул имарат тууралуу айта турган болсок, толугу менен бүгүнкү күндө менчик катары компанияга өттү. Келечекте жаңылап, чоң заманбап имараттарды курушу мүмкүн. Учурда бул имаратта курулуп жаткан комплекстин үйлөрүнүн, батирлеринин түзүлүшүн, көрүнүшүн жана кандай курулат ошонун барын көрсөтүп беришет”,- деди Жунушалиев.

Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Бишкектеги жаңы ачылган заманбап кеңсе борборго барып, бизнес-борбордун реконструкциялангандан кийин түзүлгөн шарттары жана заманбап кеңсени уюштурууда колдонулган инновациялык чечимдер менен таанышты. Мында аталган борбордун функционалдык мүмкүнчүлүктөрү жана анын борбор калаанын бизнес потенциалын өнүктүрүүдөгү мааниси тууралуу маалымат берди.