Бишкек, 21.10.25. /Кабар/. Бишкекте өткөн "Агротехэкспо-2025" көргөзмөсү менен "Алтын күз" жарманкесине катышкандардын саны болжол менен 20 миңден ашты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кооперациялоо механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаментинин директорунун орун басары Жыргалбек Бардыбаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул иш-чараларга өлкөбүздүн бардык аймактарынан дыйкан-фермерлер, кооперативдин мүчөлөрү, айыл өкмөттөр, бардык кызыкдар тараптар менен биргеликте шаар тургундары катышты.
“Жылдан-жылга бул көргөзмөнүн сапаты жогорулап, элдин кызыгуусу артууда. Быйылкы көргөзмөнүн өзгөчөлүгү мурдагы жылдарга салыштырмалуу элдин келиши арбын болду. Жылда 15 миң чарчы метр аянтты түзсө, быйыл 17-18 миң чарчы метр аянтты ээледи”,- деди Бардыбаев.
Белгилүү болгондой, көргөзмөнүн негизги максаты агрардык тармактын мүмкүнчүлүктөрүн инвесторлорго сунуштоо, айыл чарба техникаларын сатууда атаандаштыкты жаратуу, фермерлердин заманбап агроөнөржай тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын 17-19-октябрь күндөрү Бишкек шаарынын Т. Усубалиев атындагы аянтында өлкөнүн айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамын белгилөөнүн алкагында республикалык "Агротехэкспо-2025" агроөнөржай көргөзмөсү жана "Алтын күз" азык-түлүк жарманкеси өткөрүлдү.
Департаменттин өкүлү кошумчалагандай, бул көргөзмө менен жарманке өлкөдө 2013-жылдан бери өткөрүлүп, быйыл 12-ирет өттү.