Бишкек, 15.10.25. /Кабар/. “АгроТехЭкспо – 2025” көргөзмөсүнүн катышуучуларына акчалай сыйлыктар берилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин долбоорлорду ишке ашыруу жана жеке өнөктөштүк секторунун башчысы Искак Анарбеков "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 6 номинация боюнча бериле турган сыйлыктарга атайын байге фонду каралган.
“Эң мыкты район” – 1-орунга 100 миң сом, 2-орунга 80 миң сом, 3-орунга 50 миң сом тапшырылат. Анда жеңүүчүлөр эң мыкты кайра иштетүүчү, экспортко чыккан, эл аралык стандарттарды ишке киргизген сыяктуу ар түрдүү критерийлер менен тандалат”, - деди ал.
Ошондой эле Искак Анарбеков “Алтын күз” жарманкесинин катышуучуларына да сыйлыктар берилерин айтты.
“Аларга үч номинация - "Эң мыкты дыйкан”, “Эң мыкты фермер” жана “Эң мыкты экспозиция” боюнча 50 миң сомдон кызыктыруучу акчалай сыйлыктар ыйгарылат”, - деп белгиледи Искак Анарбеков.
Эске салсак, 17-18-19-октябрда Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата “АгроТехЭкспо – 2025” көргөзмөсү жана "Алтын күз" азык-түлүк жарманкеси өтөт.