“АгроТехЭкспо – 2025” көргөзмөсүнө 20 миңге жакын дыйкан-фермер катышары күтүлүүдө

Коом Загрузка... 15 Октябрь 2025 11:38
WhatsApp Image 2025-10-15 at 07.59.56.jpeg
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 15.10.25. /Кабар/. “АгроТехЭкспо – 2025” көргөзмөсүнө 20 миңге жакын дыйкан-фермер катышары күтүлүүдө. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте Айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата “АгроТехЭкспо – 2025” көргөзмөсү жана "Алтын күз" азык-түлүк жарманкеси өтөт. Иш-чара 17-18-19-октябрда Турдакун Усубалиев атындагы аянтта уюштурулат.

“Көргөзмө агроөнөр жай тармагынын мүмкүнчүлүктөрүн инвесторлорго сунуштоо максатын көздөйт. Айыл чарба продукциясын өндүргөн ишканалар жарманкеде өз продукцияларын жарандарга сатууга мүмкүнчүлүк алат. Көргөзмөдө айыл чарба техникаларынан тартып, асыл тукум малдардан жер семирткичтерге чейин коюлат”, - деди ал.

Ошондой эле Жаныбек Керималиев белгилегендей, көргөзмө-жарманкеге жети облустун 40 району жана 60тан ашык субъект өз продукцияларын алып чыгат. Алар үчүн атайын чатырчалар каралат.

Мындан тышкары, Айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында салтанаттуу иш-чара өтөт.