Бишкек, 15.10.25. /Кабар/. “АгроТехЭкспо – 2025” көргөзмөсүндө дыйкан-фермерлер айыл чарба техникаларын сатып алса болот. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Айыл чарбасын кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаментинин директору Нурланбек Кожогулов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, көргөзмөдө каржылоо аянтчасы иштейт. Анда министрликтин өнөктөштөрү – “Айыл Банк”, “Элдик Банк” жана мамлекеттик лизинг компанияларынын лизинг боюнча кызматтары иштейт. Алар дыйкандарга айыл чарба техникаларын сатып алуусуна көмөк көрсөтөт.
“Бизде лизингдин шарттары жеңилдетилген. Мында дыйкан-фермерлерибиз техниканын баасынын 10 пайызын гана төлөйт, ал эми калган бөлүгүн министрлер кабинети тарабынан бөлүнгөн каражаттын эсебинен банктар каржылап берет. Лизинг 7-9 жылдык мөөнөткө чейин 6 пайыз үстөгү менен берилет”, - деди ал.
Белгилей кетсек, 17-18-19-октябрда Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата “АгроТехЭкспо – 2025” көргөзмөсү жана "Алтын күз" азык-түлүк жарманкеси өтөт.