"Агрономдордун таймашы" кесиптик чеберчилик сынагы жыйынтыкталды – жеңүүчүлөр

Коом Загрузка... 17 Декабрь 2025 18:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 17.12.25. /Кабар/. "Агрономдордун таймашы" аталышындагы республикалык деңгээлдеги кесиптик чеберчилик сынагы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынак "Кыргызасылтукумзавод" жана "Кыргызагролизинг" мамлекеттик ишканалары тарабынан уюштурулган.

Сынакка өлкөнүн бардык аймактарынан келген тажрыйбалуу агрономдор катышып, өздөрүнүн теориялык билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн сынап көрүштү. Катышуучулар айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү, түшүмдүүлүктү жогорулатуу, жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана инновациялык ыкмаларды колдонуу багытында жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүштү.

Жыйынтыгында калыстар тобунун чечимине ылайык:

  • I орунду - Артыкбай кызы Мадина ээлеп, 200 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлык, Ардак грамота жана сертификат менен сыйланды.
  • II орунду KIM, CHUL-YONG ээлеп, 40 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлыкка ээ болду.
  • III орунду Олег Пахонеев ээлеп, 30 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлык менен сыйланды.