"Агродиалог-2026": Мөмө-жемишти сактоонун жаңы ыкмасы сунушталды

Коом Загрузка... 20 Февраль 2026 12:50
638101281_1449831996510251_4851018647909544450_n.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 20.02.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги тарабынан уюштурулуп жаткан "Агродиалог-2026" айыл чарба форумунун үчүнчү күнү өтүп жатат.

Ведомстводон маалымдашкандай, форумдун 3-күнү кайра иштетүү жана экспорт тармагына багытталган. Иш-чарада кайра иштетүүчүлөр өздөрүнүн жетишкендиктери менен бөлүшүүдө.

Кайра иштетүү тармагында өндүрүмдөрдү жана чийки затты сактоо, тоңдуруу технологияларын колдонуу маанилүү экени белгиленди. Бул багытта "Снеговик" жана "Туран Групп" компанияларынын тоңдуруу ыкмалары боюнча презентациялар болду. Айрыкча мөмө-жемиштердин сапатын жоготпой  тоңдуруп сактоодогу акустикалык ыкманын өзгөчөлүктөрү көрсөтүлдү.

Эске салсак, аталган иш-чара 18-20-февраль күндөрү К.И. Скрябин атындагы агрардык университетте өтүүдө.