"Агродиалог – 2026": Форумдун үчүнчү күнү кайра иштетүү тармагына багытталды

Коом Загрузка... 20 Февраль 2026 12:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 20.02.26. /Кабар/. Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги тарабынан уюштурулуп жаткан "Агродиалог-2026" айыл чарба форумунун үчүнчү күнү өтүп жатат.

Ведомстводон маалымдашкандай, бул күнү кайра иштетүү жаатында ийгиликке жетишип, чемпион аталгандар кызыл килемден өтүштү. Аларды министр Бакыт Төрөбаев өзү тосуп алды.

Кайра иштетүү жана экспорт жаатында чемпион аталгандар "Кайра иштетүү – жогорку кошумча нарктын ачкычы", "Кайра иштетүүчү ишканалардын продукцияларын сатууда заманбап жабдуулардын жана таңгактоочу материалдардын ролу", "Дүйнөлүк базарларга өткөрмө катары сапат стандарттары" деген темаларда пикир алмашышат.

Ошондой эле "Агроөнөр жай продукциясын экспорттоо: тышкы рыноктордун стратегиялары жана талаптары", "Экспортко багытталган бизнес жана практикалык кейстер", "Экспорттун каржылоосу, тобокелдиктери жана инфраструктурасы", "Агроэкспорттун келечеги: кайра иштетүү, инновациялар жана туруктуу өнүгүү" деген темалар дагы көтөрүлөт.

Эске салсак, аталган иш-чара 18-20-февраль күндөрү К.И. Скрябин атындагы агрардык университетте өтүүдө.