Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. "Агродиалог-2026" агроөнөр жай форумунун чемпиондорду сыйлоо боюна байге фонду 1 млн сом. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин иш-чараны уюштуруу комиссиясы маалымдады.
Белгилей кетсек, быйыл "Агродиалог-2026" форумунда айыл чарбачылыгы жана мал чарбачылыгы багытында иштеген 40 чемпион аныкталат. 1 млн сом аныкталган жеңүүчүлөргө бөлүнүп берилет.
Иш-чаранын максаты – тажрыйба алмашуу, үрөндүн жаңы сорттору боюнча маалымат алуу жана ишкерлер менен фермерлердин ортосунда жаңы байланыштарды түзүү.
Иш-чара 18-19-20-февраль күндөрү К.И. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинде, ал эми салтанаттуу бөлүгү 21-февралда Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтөт.