Агрардык тармакка заманбап технологияларды киргизүү маселеси талкууланды

Коом Загрузка... 13 Май 2026 10:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) башкы директору Цюй Дуньюй менен жолукту.

Ведомстводон билдиришкендей, сүйлөшүүлөр Душанбеде ФАОнун Европа үчүн регионалдык конференциясынын 35-сессиясынын алкагында өттү.

Анда агрардык секторго инновациялык жана санариптик чечимдерди киргизүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле тараптар дүйнөлүк базарда минералдык жер семирткичтердин тартыштыгы жана баалардын өсүшүнүн азык-түлүк коопсуздугуна тийгизген терс таасирлери жана өлкөнүн кайра иштетүү өнөр жайын жаңы деңгээлге көтөрүү боюнча пикир алмашышты.

Министрдин орун басары ФАОнун Кыргызстандагы улуттук жана регионалдык долбоорлорунун маанисин белгилеп, уюмдун агрардык секторду өнүктүрүүдөгү ролун жогору баалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну тереңдетүү жана кызматташууну мындан ары да бекемдөө ниетин билдиришти.