Агартуу министрлигине 91 кызматтык унаа тапшырылат

Коом Загрузка... 12 Май 2026 17:45
68b92e27e3cd0.max-2.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 12.05.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Агартуу министрлигине караштуу билим берүү мекемелерине 91 даана кызматтык автоунаалар тапшырылат.

Ведомстводон маалымдашкандай, министрликтин аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүн, мекемелерин жана уюмдарын автотранспорт каражаттары менен камсыз кылуу аларга жүктөлгөн функцияларды натыйжалуу аткарууну олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк берет.

“Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу лизинг механизми менен 91 даана Chevrolet Tracker үлгүсүндөгү унааларды сатып алуу каралган.