Агартуу министри бүтүрүүчүлөргө: Силер – биздин келечекке болгон үмүтүбүзсүңөр

Коом 267 29 Май 2026 13:10
1.jpg
707783306_1443686477805092_3338321729156859364_n.jpg
708068747_1443686914471715_5740125781796308406_n.jpg
708068747_1443686967805043_4818917249025573093_n.jpg
709017378_1443686817805058_7017230034909501200_n.jpg
709057365_1443686931138380_4805085800551438286_n.jpg
709068263_1443686401138433_5288387728271791269_n.jpg
709228992_1443687264471680_7814219217016429229_n.jpg
709269489_1443686677805072_1925136099090360156_n.jpg
709310092_1443686444471762_8355284611106063674_n.jpg
709347820_1443686407805099_7432169391653122062_n.jpg
709347820_1443687121138361_1671630783894616909_n.jpg
709389520_1443686454471761_3316534877599896265_n.jpg
709730086_1443686404471766_2669681328684234439_n.jpg
709803481_1443686624471744_8531641704191203988_n.jpg
710126909_1443686487805091_3740299785519485757_n.jpg
710126916_1443687101138363_4723344137449324807_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Бүгүн, 29-майда Кыргызстандын бардык мектептеринде акыркы коңгуроо кагылды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Министр Догдуркүл Кендирбаева Бишкектеги А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде өткөн акыркы коңгуроо аземине катышып, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалады.

Өз сөзүндө министр бул күн бүтүрүүчүлөр, ата-энелер жана мугалимдер үчүн өзгөчө толкундануу менен коштолгон күн экенин белгиледи.

"Мектеп силерге билим берип, чоң турмушка жол ачты. Бүгүн угулган акыркы коңгуроо жаңы турмуштун башталышы болуп саналат. Он бир жыл бою алган билимиңерди туура пайдаланып, турмуштун кыйынчылыктарына сынбай, туура жолду тандап, ийгиликтүү инсандардан болоруңарга ишенем", – деди министр.

Ошондой эле Кендирбаева мектеп-лицейдин тарыхый ордуна токтолуп, бул билим берүү мекемесинен өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошкон көптөгөн көрүнүктүү инсандар тарбияланып чыкканын белгиледи.

"Силер жөн гана бүтүрүүчүлөр эмес, кылымдык тарыхы бар мектептин бүтүрүүчүлөрүсүңөр. Бул окуу жайдан өлкөнүн алгачкы интеллигенция өкүлдөрү, окумуштуулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер билим алышкан. Ошондуктан силерге болгон ишеним чоң. Силер – биздин келечекке болгон үмүтүбүзсүңөр", – деп белгиледи.

Иш-чара окуучулар тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолуп, куттуктоо сөздөрү айтылды. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн аткаруусунда "Классташым" ыры жаңырып, акыркы вальс бийленди. Салтанат акыркы коңгуроонун кагылышы менен жыйынтыкталды.