Агартуу министри "Бөбөктай" борборунун иши тууралуу айтып берди

Коом Загрузка... 03 Июнь 2026 12:00
WhatsApp_Image_gUcBxT3.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү Агартуу министрлигинин алдында иштеп жаткан "Бөбөктай" балдарды эрте өнүктүрүү борборуна барышты.

Бул борбор 2024-жылдын 1-мартында министр Догдуркүл Кендирбаеванын демилгеси менен министрликтин кызматкерлеринин мектеп жашына чейинки балдары үчүн ачылган.

Иш-чаранын жүрүшүндө министр журналисттерге борбордун түзүлүү тарыхы, анын ишмердүүлүгү жана балдарды эрте өнүктүрүү үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, борборду ачуу идеясы жумушка балдарын ээрчитип келүүгө мажбур болгон кызматкерлерди көргөндөн кийин пайда болгон.

WhatsApp_Image_NROUE8b.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90
"Мен министрлик кызматка келген алгачкы күнү эле жумушка балдарын ээрчитип келген кызматкерлерди көрдүм, ошондо бул идея жаралган. Мамлекеттик кызматкерлердин жумуш күнү дайыма эле белгиленген убакыт менен чектелбейт. Андыктан ата-энелер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү абдан маанилүү", - деди Кендирбаева.

Анын айтымында, "Бөбөктай" борборунун негизги максаты кичинекей балдардын өнүгүүсүнө жагымдуу шарттарды түзүү, аларды эрте өнүктүрүү боюнча кызматтарды көрсөтүү жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында бул ийгиликтүү тажрыйбаны жайылтуу болуп саналат.