Ага Хан уюму Кыргызстанда жаңы долбоорлорду ишке ашырууну колдойт — Кабар

Ага Хан уюму Кыргызстанда жаңы долбоорлорду ишке ашырууну колдойт

Экономика 12 март 2026 16:55
IMG_6406.jpg
IMG_6412.jpg
IMG_6407.jpg
Алдыга
Артка
IMG_6406.jpg
IMG_6412.jpg
IMG_6407.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика министрлиги

Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Бүгүн экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Кыргызстандагы Ага Хан өнүктүрүү уюмунун дипломатиялык өкүлү Баракат Фаззал менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар туризм тармагындагы ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, алардын учурдагы абалы, ошондой эле Ага Хан өнүктүрүү уюмунун программалык багыттары менен өз ара аракеттенүүнүн мүмкүн болуучу багыттары тууралуу пикир алышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу максатында конструктивдүү диалогду улантууга жана өнөктөштүктү бекемдөөгө даяр экенин билдиришти.