Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин үстүбүздөгү жылдын 24-25-февраль күндөрү Казакстандын Астана шаарына болгон расмий сапары аяктады.
Расмий сапарынын алкагында Адылбек Касымалиевдин Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен тар жана кеңейтилген курамдагы жолугушуусу болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарында буга чейин жетишилген маселелерди ишке ашыруу сүйлөшүлдү.
Ошондой эле Кыргызстандын жана Казакстандын өкмөт башчылары "Казакстан Гарыш Сапары" улуттук космос борборуна, ошондой эле Казакстан өкмөтүнүн санариптештирүү кеңсесине барышты.
Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукту. Жолугушууда саясий, соода-экономикалык, суу-энергетика, маданий-гуманитардык жана башка тармактар боюнча кызматташууну тереңдетүү жана максималдуу ишке ашыруу маселелери каралды.
Белгилей кетсек, Адылбек Касымалиевдин министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайылдалгандан бери чет мамлекетке биринчи расмий сапары болду.